www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шейшемби күнү кечинде АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын 2016-жылы Кошмо Штаттарда өткөн президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча бардык документтерди ачыкка чыгаруу тууралуу буйрук берди. Бул тууралуу “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” билдирди.

«Мен Американын тарыхындагы ири саясий кылмышка тиешеси бар бардык документтерди ачыкка чыгаруу тууралуу буйрук бердим. Бул Хиллари Клинтондун электрондук почта аркылуу жазышуусуна да тиешелүү», — деп жазды Трамп «Твиттердеги» баракчасына.

Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөө атайын прокурор Роберт Мюллер тарабынан 2016-жылы июлда башталып, 2019-жылы аяктаган. Анда Дональд Трамптын шайлоо штабы Орусиянын мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен байланышта болгон деген маалыматтар иликтенген. Жыйынтыгында Орусия шайлоо жараянына кийлигишүү максатында кибероперацияларды жүргүзгөнү аныкталып, орусиялык жана америкалык жарандарга айып тагылган. Бирок ал кезде талапкер болгон Трампка жакын адамдардын Орусия менен байланышта болуп, кутумга баргандыгы тууралуу маалыматтар аныкталган эмес.

Президент менен анын тарапташтары иликтөө Трампка болгон элдин ишенимин начарлатуу максатында, Чалгын кызматынын аткаминерлеринин жетиштүү негиздери жок эле башталган деп эсептешүүдө.

Ошол эле маалда атайын прокурор Жон Дарэм 2016-жылы ФБРдин бул иш боюнча тергөө башташына эмне түрткү болгонун аныктоо аракетин көрүүдө. Анын максаты – ФБР мыйзам бузган-бузбаганын, мекеменин аракети саясатташкан-саясатташпаганын аныктоо болуп эсептелет. Дарэмдин баяндамасы президенттик шайлоодон кийин жарыяланат деп күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости