www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп өзүнүн социалдык тармагын чыгарат

Бир жылдан бери "Твиттер" менен "Фейсбукта" аккаунту блоктолуп турган АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп өзүнүн социалдык тармагынын тиркемесин чыгараарын жарыялады. Ал - TRUTH Social деп аталат жана ноябрда аны сыноо башталат. Ал эми кийинки жылдын башында жаңы солцтармак эл алдына чыгарылаарын 20-октябрда Trump Media & Technology Group компаниясы билдирди.

"Твиттер" менен "Фейсбук" мурдагы президенттин аккаунттарын былтыр 6-январда Капитолийге болгон чабуулдан кийин блоктоп салган. Анда Трамптын тарапташтары президенттик шайлоодо уткан Джо Байдендин жеңишинин расмий таанылышына тоскоолдук жаратууну көздөгөн.

Трамп "Твиттер" талибдерге кеңири аянтча берип, ал эми силер жакшы көргөн президенттин үнүн басып койгону кабыл алынгыс", - дейт. Бир жылдан бери Трамп социалдык тармактарга кайтуунун аракетин көрүп келген. Ал президент болуп турган маалда соцтармактарды кеңири колдонгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости