www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын Лебап облусунда калктан электр энергиясы үчүн карыздарын, анын ичинде 2021-жылдын калган айлары үчүн да алдын ала төлөө талап кылынууда. "Бүгүн электр түйүндөр ишканасынын жумушчулары үймө-үй кыдырып, 2022-жылдан тартып электр энергиясы үчүн төлөмдөр 130% кымбаттай турганын айта баштады. Мындан тышкары алар электр жарыгы үчүн быйылкы карыздары жабылбаса, кийинки жылы аны жаңы, жогорулатылган тариф менен төлөөгө туура келээрин эскертип жатат", — деди аты-жөнүн айткысы келбеген жергиликтүү тургун.

Лебап облустук электр түйүн ишканасынын кызматкери бүгүнкү күндө өлкөдө 100 киловатт-саат электр энергиясынын баасы 2,5 манат болсо, 2022-жылдан кийин 4 манатка чейин жогорулатуу пландалып жатканын билдирди.

Түркмөн өкмөтү 2019-жылы калкка электр энергиясын, жаратылыш газын жана сууну бекер берүү тууралуу чейрек кылымдан бери иштеп келген жеңилдиктерди жойгон. Мындай чечим Халк Маслахатынын 2018-жылы сентябрда өткөн жыйынында кабыл алынган. Анда өлкө калкынын жашоо деңгээли болуп көрбөгөндөй жогорулаганы айтылган.

Ошол эле маалда "Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкө тургундарынын экономикалык абалы кыйла начарлап кеткенин байма-бай кабарлап келет. Түркмөн бийлиги электр энергиясына болгон тарифтерди жогорулатууну пландап жаткан чакта, жашоочулардын көбү бир нече жылдан бери электр энергиясы тартыш шартта жашап келишет. Алсак, бир айдан бери Фарап жана Чаржев райондорунда электр жарыгы өчүрүлүүдө. Жергиликтүү тургундардын айтымында, көпчүлүк убакта жарык күнү бою жок болуп, кечки саат жетиден кийин гана берилүүдө.

"Бул бала-бакчалар менен мектептердин жылытуу системасында маселе жаратууда. Балдар класстарда кышкы кийим менен отурууга аргасыз болуп жатат. Социалдык маанидеги имараттарда кошумча генераторлор жок", - деди жергиликтүү тургун.

Электр түйүн ишканаларынын жумушчулары мындай учурларды оңдоо иштери жана электр линияларындагы мүчүлүштүктөр менен түшүндүрүп келет. Ал ортодо түркмөн аткаминерлери 15-октябрдагы өкмөт жыйынында коңшу өлкөлөргө электр энергиясынын экспортун көбөйтүү маселесин дагы бир жолу талкуулады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости