www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстан коомунда бардык саясий күчтөрдүн катышуусунда мамлекеттик түзүм куроо шарты менен гана Ташкен талибдердин бийлигин тааныйт. Бул тууралуу 20-октябрда Москвада Өзбекстан президентинин Ооганстандагы атайын өкүлү Исматулла Иргашев билдирди.  Москвада шаршемби күнү башталган Ооганстан боюнча кеңешмеге он өлкөнүн, анын ичинде Өзбекстандын өкүлдөрү да катышууда.

Иргашев - Өзбекстан “Талибан” өкмөтүн өлкөдөгү бардык тараптын өкүлдөрүн канааттандырган, Доха келишими сыяктуу милдеттенмелерди аткарган, эркектер менен аялдардын негизги укуктары камсыздалган, Ооганстанды террористтердин колдонуусуна жол берилбеген шартта ган тааный турганын белгиледи.

Өзбекстан президентинин атайын өкүлү Ташкен азыр талибдер курган убактылуу өкмөттү таанууга кандайдыр бир мүмкүнчүлүк көрбөй турганын кошумчалады.

Өзбекстандын расмий адамдары де-юре “Талибан” өкмөтүн тааныбаганы менен, де-факто активдүү кызматташууну да четке каккан жок. Маселен, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов баштаган өзбек делегациясы 7-октябрда "Талибандын" расмий адамдары менен сүйлөшүү үчүн Ооганстанга барган. Абдул Салам Ханафи баштаган талибдердин делегациясы 16-октябрда Термезде Өзбекстан өкүлдөрү менен жолуккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости