www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия: Ооруган балдарды мектепке жибербегиле

Салттуу окутуунун баш ооруткан маселеси - балдары ооруп калса деле ата-энелердин аларды мектепке жөнөткөнү болууда деп билдирди Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева. Ал бүгүн Sputnik-Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.

"Көптөр балдарды калтырганга үйдө киши жок дейт. Түшүнсөңүздөр, бул масчеле чечүүнүн жолу эмес. Мунун кесепети жаман болушу мүмкүн. Алгоритмде мектепти, классты кандай учурда онлайн окутууга өткөрүү же бала бакчаны профилактикалык максатта жабуу так жазылган. Эгерде бир инкубациялык мөөнөттө коронавирус менен чыгып калган эки учур кездешсе, анда мектепти толугу менен онлайн тартибине өткөрөбүз", — деди Мозгачева.

Аткаминер айрым окуучулардын ата-энелерин вирус менен күрөшүүгө да чакырды. "Бул жерде иш эки жактан тең жүрүшү керек. Биз тараптан бала бакча менен билим жайларында бардык санитардык нормаларды сактоо боюнча жоопкерчиликти өзүбүзгө алабыз. Ооруп калган балдар мектепке келбей турганын так билишибиз керек", — деп түшүндүрдү вице-мэр.

Ал учурда Бишкекте алты мектептин 9 классы онлайн тартипке өткөрүлгөндүгүн айтты. Мозгачева билим берүүнүн салттуу форматы аралыктан окутканга караганда алда канча майнаптуу экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости