www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда БШК дагы, малекеттик булактар да шайооонун талабын, жол-жобосун тынымсыз айтууда. Ошол эле учурда чет жакта жүргөн мекендештер да шайлоо тармагында маселе көп экенин, анын маанисин кошуп айтууда.
Бирок алар тууралуу расмий булактар кооз «цифралары» менен кооздоп кеткени болбосо, ачык ой пикирлери, акыйкатты айткылары келген үндөрү дээрлик жокко эсе. Бул эми башка кеп. Ой келет... Кыргыз башчылары жана башка жетекчи атка минерлер Айкөл Манасты ооздорунан түшүрүшпөйт, адатта.
Манасты алар сөздөрү кооз чыгыш үчүн эле кошуп коюшабы деп ойлоп да кетчү болдук. Анчалык болушса эпосту толук эстеринен чыгарбай жүрүшсө. Манаста мындай окуя бар. Чоң Казатта Коңурбайдын найзасынан жарат алып, ошол жараттын залалынан көз жумат, кайран айкөл!
Ошондо Манастын инилери Абыке, Көбөштөр жана башкалары байлык менен бийлик талашып, Манастын төшөгүн талашып, Кыргыз Ордосун ойрон кылат. Арга кетет, амал түгөнөт. Акыры Манасты бул жарыкка алып келген Чыйырды байбиче каралуу Каныкей менен балтыр бешик Семетейди өңөрүп, түн катып төркүнү Бухараны карай тентип жөнөйт.
Бул «Манас» эпосундагы эң кайгылуу окуя. Ушул замандын «абыке», «көбөштөрү» жана «башкалары» өлкөнүн эл жараткан байлыгын талап-тоноп, байлык, бийлик талашып атып, Манастын тукумдарын, 30 жылдан бери башка өлкөдөн бакыт издөөгө мажбур кылып, бери жагы Орусия менен Казакстанга, ары жагы Араб эмираттары, Түркия жана башка, «эски континент», андан ары океандын ары жагына чейин тентитти. Чет жакка кетүүнү каалагандардын саны азыр да аз эмес. Алар кимдер экенин карасаң, далайы акыл-эс, күч, энергиялуу таланттар…
Кенжебек Арыкбаев, NazarNews.kg