www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек Келдибеков: Шайлоо алдында Кулов эмне дейт?

Феликс Кулов - эгер тик учмалардын бир эле тетигин сатсам, анда атынып өлүп калайын деп карганат. Кулов жаш кезинде 1990-жылдын июнундагы Ош коогалыңында аты элге катуу угулган. Даңкка жараша жүк деп ага президент Аскар Акаев Ички иштер министрлигин берген. «Генерал» наамына татыктуу болгон Кулов 1991-жылдын август путчунан соң Аскар Акаевдин сүймөнчүгүнө айланат.

Ошондуктан 1992-жылы Герман Кузнецов Москвага безип кеткен соң, анын бош калган вице-президенттик мансабын Акаев Куловго берет. Бирок Кулов 1993-жылдын 16-декабрында, өкмөт башчысы Турсунбек Чыңгышев отставкага кеткенден эки күндөн кийин өз эрки менен кызматынан чегинет. Анын ою - премьер-министрликти алуу болгон сыяктуу. Бирок премьер-министрликке Апас Жумагулов дайындалган соң, ошол кызматтан үмүтү өтүп жүргөн Феликс-мырза эшикти тарс жаап чыгып кетет.

Арийне, Акаев өз «любимчигинен» үмүтүн үзбөйт жана Апас Жумагулов жогорулап кеткендиктен, аны - бош калган Чүй облусунун губернаторлугуна дайындайт. Бирок Акаевдин үмүтүн Кулов актабай калган. Анын саясий амбициясы облустун мүдөөсүнөн салмактуу экени сезилди. Алдыңкы чарбалардын баары артты көздөй сыйгаланып, реформалар токтоп, экономикалык көрсөткүчтөр ылдыйлай баштайт.

Губернатордун популизми Чүй облусунда митингге чыгуу маанайын көтөрөт. Албетте, Куловдун андайынан чочулаган Акаев аны кызматтан бошотот. Бирок дале ишенчээк Акаев сүймөнчүгүнө дагы эле «сүйүүсүн» артып, күдөрүн үзбөйт жана Куловко ошол мезгилде кадыр-баркы өсүп бараткан Ички иштер министрлигин жетектөөнү сунуш кылат. Бирок Феликс-мырза ИИМге баргысы келбейт, ал ошол мезгилде башкарып турган Анарбек Бакаев кайтыш болуп, орду бош калган Улуттук коопсуздук министрлигин жетектөөнү суранат. Акаев ага макул болот.

Айта кете турган нерсе - Кулов ар кандай жооптуу кызматты аркалап, өзүнүн жеке иштери үчүн мыйзам бузгандыгы тууралуу Бакаев министр болуп турганда Акаевке доклад кылган. Бирок Акаев Куловду жакшы көргөндүктөн, ал андай иштерге барбайт деп, мунун баары атаандаштыктан улам чыккан компромат деп ойлойт. Арийне, кийинчерээк Кулов аралашкан иштердин документтери баары дайынсыз жок болгону белгилүү болот.

Ал мезгилде Улуттук коопсуздук министрлигинин Союз убагындагы КГБдай күч-кубаты жок калган. Мындай нерсе Куловко жаккан эмес. Ошондуктан министрликтин статусун көтөрүү үчүн УКМКнын ичинде «Калкан» деген кызмат түзөт. Антитеррорлук багытка жамынган бул кызмат бийлик төбөлдөрүнүн, журналисттердин, бизнесмендердин ишмердүүлүгүнө, жарандардын жеке турмушуна кийлигишүү, аңдуу максатында акыркы заманбап техника менен жабдылган. Ушундан улам компромат менен шантаж сыяктуу мыйзамсыз иштер күч ала баштайт.

Улуттук коопсуздук министри болуп турганда эле Кулов Москва менен байланыш түзө баштайт. Анан Борис Силаев өкмөткө кетип, Бишкек мэринин орду бош калганда баягы эле Акаевдин сүймөнчүгү Бишкекти «шоколадкага» айлантам деп шефине кайрылат.

Дагы эле «любимчиктин» айтканына макул болуп, Акаев аны мэрликке коёт. Атаганат, мыкты мэр деле андан чыккан жок. Шаардын көйгөйлүү маселелери менен алпурушкандын ордуна, Феликең кыргызстандык жана чет элдик бизнесмендерди бурай баштайт. Ага каршы чыкканга эч ким даай албайт, себеби ОПГнын «главарлары» менен мамилеси бар экени белгилүү болот. Мурунку кызматтарда тажрыйбасыздыгы себеп болду десе, мэр болгон соң ал эл үчүн иштебегени айдан ачык болот.

Ошол мезгилде УКМК «Калкан» кызматынын иш-аракетине кызыкдар болуп, тергөө жүргүзүп, анын кандай максатта жана ыкмада иштегенин аныктай баштайт. Тергөө башталгандан бир нече күндөн кийин Кулов уу-дуу менен мэрлик кызматтан отставкага кетип, оппозицияга өтүп, Кыргызстандагы башкы жана биринчи оппозиционер катары өз имиджин көтөрө баштайт. Оппозицияга өткөндүгү үчүн кыргыз жана эл аралык укук коргоочулардан ал колдоо табат. Экинчиден, анын эски амбициясы - президент болуу ой-максаты эле.

Андай амбиция башында эле жаралган, бир гана тоскоолдук - бул өз эне тилин, мамлекеттик тилди билбегендигинде эле. Ошондуктан 2000-жылкы президенттик шайлоодо Кулов карама-каршы көз караштагы демократ Өмүрбек Текебаев менен биримдикте президенттик үчүн ат салышат. Экөөнүн айырмасы - Текебаев он жыл бою бийликке каршы оппозицияда болуп келсе, Кулов он жыл боюу бийликтин «акырынан» жем жеп келген.

Натыйжада беш жыл камакта отуруп чыккан Куловко 2005-жылдын 24-мартында кайрадан күн чайыттай ачылат. Чындыгында ошол мезгилде Куловдун кадыр-баркы «саясий туткун» катары абдан бийик болуп калган. Кийин тең-тайлашып калган Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдердин кадыр-баркы бир аз ылдыйлап, бийликке каршы бирден-бир альтернативдүү талапкер катары Кулов эсептелинген. Бирок Кулов эң биринчи эле өзүн каматкан Аскар Акаевке боор тарта баштаган.

Бул деле саясий ыкманын бири эле, ошол мезгилде байлыкты топтоп алган акаевчилерди өзүнө тартуу максаты болгон. Бирок чечүүчү күрөшкө барууга анын күч-дарамети жеткен жок. Бийликтин алдына «сынып» берди. Тандем ыкмасы аркылуу өкмөт башчысы болгону менен, эки колу, эки буту тушалып, оозу скотч менен чапталган. Ошол мезгилде кримдүйнөнү бийлеп турган Рысбек Акматбаев депутат иниси өлтүрүлгөн соң Куловго каршы чыкканда, анын кадыр-баркы күндөн күнгө ылдыйлаган.

Бирок Кулов кайрадан оппозицияга аттанып, «Бириккен фронт» түзө баштаган. Аны жактырбагандар: «Чем папа, лучше турки», - деп, бийликти көздөй өтө баштаган. Суваналиев, Текебаев, Сариев, Эшимканов баш болгон оппозицияга таянып, 2007-жылы апрелде Кулов элди кайрадан козгой баштайт.

Кулов элди баштап келип, бирок бийлик менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзүп, тынч четке чыга берди. Анын эл көчөдө запкы жеп атканда бийлик менен жетинчи этажда коньяк ичип отурганынын чындыгын тарых тастыктайт ко. Аз убакыт өтпөй Кулов үчүн бийлик миниГЭСтер боюнча атайын мекеме ачып берип, жылуу-жумшак жерге отургузуп койду жана Куловдун алтымыш жылдык юбилейинде кымбат баалуу автомашина белек кылды.

2010-жылдын 7-апрелинде ал бийлик кулаган соң, кыргыз элинде дагы бир баатыр пайда болду. Бул баягы эле Кулов эле. Ал кайрадагн Москва жана Астанага чейин учуп жөнөдү.

Бир гана чындыкты айтып коюшубуз керек - ушундай алкеш-чалкеш заманда каякка баштарын батыраарын билбей, «Ар-Намыс» партиясына кыргыздын мыкты чыкмаларынын бир тобу корголоп келди. Ошолордун кадыр-баркынан улам «Ар-Намыс» партиясы парламенттик беш пайыздык чектен өттү. Арийне, Куловдун айынан коалиция түзүүгө бул партияга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости