www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оору күчөдү, мектептер онлайн окутууга өтөбү? Мэриянын жообу

Бишкекте балдар арасында сасык тумоо менен курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) өсүп жатканына байланыштуу мектептерди аралыктан окутууга которуу маселеси каралган жок. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева Sputnik-Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде билдирди.

"Учурда КРВИ өсүп жатканын байкап жатабыз. Ал аба аркылуу тез тараган инфекция. Бала бакчада да ооруган балдар көп. Ошондой эле, коронавирус жуктуруп алуу коркунучу да бар. Түшүнөбүз, оору күч, мектептегилерди бет кап тагынууга чакырабыз. Аралыктан окутуу каралган жок, биз балдар салттуу форматта билим алышы үчүн бардык чараны көрөбүз", — деди Мозгачева.

Белгилей кетсек, октябрдан тарта Бишкекте курч кармаган респиратордук вирустук инфекция жуктургандар көбөйүүдө. Социалдык тармактын колдонуучулары ооруканаларда орун жоктугун айтат. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен сасык тумоо жана пневмонияга кабылган балдарды жаткыруу үчүн кошумча орундар даярдалаары убадаланды.

Ошондой эле, үй-бүлөлүк медициналык борборлор дем алыш күнү да иштеп жатат. Алар мурда ишембиде түшкө чейин иштесе, эми кечке чейин оорулууларды кабыл алат. Ал эми жекшембиде түшкү экиге чейин болот. Андан тышкары,процедуралык кабинеттер күнүгө саат 20:00гө чейин иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости