www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинен төрагасы Акылбек Жапаров бүгүнкү республикалык кеңешмеде аймактарды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бийликке бериле турган каражат тууралуу маалымат айтты. Анын билдиргенине караганда, Кыргызстандагы 452 айыл өкмөттүн 377си (83,4 пайызы) дотацияда турат, 75и өзүн-өзү камсыз кыла алат. Трансферттер боюнча жаңы ыкманы киргизүү пландалууда.

"Киреше салыгы 100, роялти 50 пайыз жергиликтүү бюджетке өтөт. Сатуудан түшкөн салыктын 30 пайызы да берилет (мурда 100 пайыз болчу). Коммуналдык кызматтардын баарын өзүбүздүн мойнубузга алалы деп турабыз. Мектептерди толук республикалык бюджетке которобуз. Бишкек менен Оштон тышкары айыл аймактардын мектебин республикалык бюджеттен каржыласак 1,3-1,5 миллиард сом керектелет экен", — деди Жапаров.

Ошондой эле, ал облустарды, райондорду, райондук маанидеги шаарларды өнүктүрүү фонддору түзүлөөрүн белгиледи. Ири тоо-кен ишканалары жок Ош менен Баткен облустарынын фондуна республикалык бюджеттен жылына 50дөн 100 миллион сомго чейин бөлүнөт.

25 районго 700 миллион сом каралып жатат, анын ичинен ар бир районго 20-40 миллион сомдон берилет. Ошондо айыл өкмөттөрдө өнүгүүгө болжол менен 5 миллион сом акча болот. Райондук маанидеги 18 шаарга 30 миллион сомдон берилет. Баткен облусунун өзгөчө статусуна байланыштуу жыл сайына өнүгүүгө 500 миллион сом, Нарын облусуна Кумтөр аркылуу 500 миллион сомдун тегерегинде чегерилип турат.

"Бул каражаттын 20 пайызы коронавирус менен күрөшүүгө берилет, элди кор кылбаңыздар, колунда жокторго дары алып берип туруңуздар. 20 пайызын социалдык долбоорлорго, өлүм-житим болуп жардам сурап келгендерге жумшаңыздар. Ал эми 60 пайызы экономикалык долбоорлорго сарпталышы керек. Бул акча жоголуп кетпей, кайра кайтарылып, жыл сайын көбөйүүсү абзел", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Ошону менен катар ал Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн 3,2 миллиард сомду завод-фабрикаларды ачууга жумшабай, мектептерди эки-үч ирет оңдоп, дубалдарын 10 сыйра сырдап чыкканын мисал келтирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости