www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын президенти Дональд Трамп Россияга каршы бир катар санкциянын мөөнөтүн дагы 1 жылга узартты. Бул чектөөлөр 2014-жылы Барак Обама, 2018-жылы Трамп жана 2022-жылы Жо Байден тарабынан киргизилген.
Санкцияларды узартуу жөнүндөгү документке тиркелген маалыматта: «Бул жарлыктарда айтылган аракеттер жана саясат Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугунун жана тышкы саясатынын кызыкчылыктарына өзгөчө жана олуттуу коркунуч келтирүүнү улантууда»,- деп айтылат.
Буга чейин Трамп АКШ Украинадагы согуштук аракеттер аяктагандан кийин Россияга салынган санкцияларды токтотууга даяр экенин билдирген. Январь айында президент эгер өлкө бийлиги Украина боюнча сүйлөшүүлөргө барбаса, АКШ жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн экенин айткан.
Ушул аптада Евробиримдик Россияга каршы кезектеги санкцияларды колдоду. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио эгер АКШ санкцияларды алса, Европа дагы аларды жокко чыгарууга аргасыз боло турганын билдирген.