www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2011-жылдан бери ИИМдин каттоосунда турган, мурда Ала-Бука районунун «положенеци» статусун ээлеп келген жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, Ала-Бука районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Шектүү 11-январдан тартып Орусиянын аймагында болуп, шериктери аркылуу Ала-Бука районунун Өрүктү айылында жайгашкан «Мурас» жана «Мурас 2» азык-түлүк жана курулуш дүкөндөрүн өрттөтүп жиберген. Кылмыш шектүү менен дүкөндөрдүн ээсинин жеке кастык мамилелеринен улам өч алуу максатында уюштурулган. Окуянын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү болжол менен 43 миллион сомду түзгөн. Буга чейин бул фактыга байланыштуу бул өрттү уюштурган деп 4 шектүү кармалган. Азыркы учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Последние новости