www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп критикалык штаттардын бири саналган Каролинадагы иш сапарында шайлоочуларды ноябрь айында өтө турган президенттик шайлоодо эки жолу добуш берүүгө үгүттөдү.
100 миңдеген шайлоочунун почта аркылуу добуш бергени жакпай жатканын билдирген Трамп, мындай добуш бергендерди урнага барып добушунун эсептелген-эсептелбегенин текшерип коюуларын айтты.
Трамп почта аркылуу добуш берүү шайлоодо алдамчылыкка себеп болуп, демократтарга табылбай турган аракет экенин баса белгилеген пикирлерин мурда дагы билдирген эле. Ал эми опозиция тарап Трампты шайлоо системасына болгон ишенимди кетирип жатат деп айыптоодо.
Уилмингтондун жергиликтүү берүүсүн алып барган WECT каналынын бир кабарчысы штатта почта жолу менен добуш берүү системасына ишенип-ишенбегендигине байланышкан суроого Трамп: “Барып добушун беришет, урнага барып добуш берип да добушун көзөмөлдөөлөрү керек. Анткени ал диаграммадан аты чыкса урнага добуш бере алышпайт... Б.а. добуштарын жиберип, кайра текшеришсин. Система дегенчелик жакшы болсо муну кылышпайт” деп жооп берди.
Андан соң элге карата: “Добуштарды жөнөткүлө, бирок урнага барып добуш бергиле. Бирөө саналбаса, кайра добуш бере аласыңар” деди.
Булак: NazarNews.kg