www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп химиялык курал үчүн колдонулган өкмөттүк мекемелерге сокку уруу тууралуу буйрук бергенин жарыялады. Анын айтымында, Франция, Британия менен биргеликте башталган бул соккулар Сирия химиялык курал пайдаланууну токтотмойунча уланат. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Бул тууралуу Трамп 13-апрелде элге кайрылуусунда билдирип, Орусия менен Иранды Асаддын "мыкаачы жана коркунучтуу" режимин колдоону токтотууга чакырды.

Сирияда Чыгыш Гута аймагынын козголоңчулар колундагы Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулду делген чабуулдан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган.

Дамаск менен Москва Дума аймагында химиялык чабуул болбогонун айтып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости