www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди Газа сектору боюнча Тынчтык кеңешинин курамына кирүүгө чакырды. Бул тууралуу Tengrinews агенттигине Казакстан президентинин өкүлү Руслан Желдибай билдирди.
Анын айтымында, Токаев америкалык лидердин чакыруусун кабыл алган. Натыйжада Казакстан жаңы түзүлүп жаткан бирикменин негиздөөчү мамлекеттеринин катарына кирди.
«Мамлекет башчысы АКШнын президентине чын ыкластан ыраазычылык билдирип, бул жаңы бирикменин курамына кирүүгө макул экенин тастыктаган кат жөнөттү», — деди Желдибай.
Ошондой эле Токаев Казакстан Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыкка жетишүүгө өз салымын кошууга даяр экенин белгилеген. Казакстандын лидери өлкө эл аралык туруктуулукту бекемдөөгө умтуларын да ырастаган.