www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Испания компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматына ылайык, учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары катталган жок. Кыргызстандын жарандары тарабынан Кыргызстандын Франциядагы элчилигине жардам көрсөтүү боюнча кайрылуулар жана өтүнүчтөр түшкөн эмес.

"Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Франция элчилиги Испаниянын компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта болуп, кырдаалды көзөмөлдөп турат",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 18-январда Испания Падышалыгынын түштүгүндө, Адамус калктуу конушунун аймагында эки жүргүнчү поезди катышкан темир жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен кеминде 39 адам каза болуп, 120дан ашык адам жаракат алган.

Последние новости