www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 12 айында өлкө аймагында 8 миңден ашуун жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын былтыркы жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында айтылды.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү айдоочунун ылдамдыкты ашыргандыгынан, жол тилкесинде туура эмес манёвр жасагандыктан, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып озуп кеткендиктен, транспорт каражаттарын мас абалында айдагандыктан, жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөгөндүктөн, жол белгилерине баш ийбегендиктен, аралыкты сактабагандыктан келип чыккан.

Жыйынтыгында кетирилген кемчиликтерди тез арада жоюу тапшырмасы коюлуп, бир катар кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлдү.

Последние новости