www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министрлигинин демилгеси менен энергетика тармагындагы реформанын жана санариптештирүүнүн алкагында Бишкек электр тармактар ишканасы — «КУЭТ» ААКнын филиалы тарабынан АСКУЭ — электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумунун эсептегичтери орнотулууда.
АСКУЭ эсептегичтерин орнотуунун негизги максаты — электр энергиясын бөлүштүрүүнү натыйжалуу жүргүзүү, көзөмөлдү күчөтүү жана керектөөнү так эсепке алуу.
2025-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын райондорунда жалпысынан 28 000 акылдуу эсептегич орнотулду. Анын ичинде:
• Ленин району — 9 140 даана
• Свердлов району — 4 659 даана
• Биринчи Май району — 11 742 даана
• Октябрь району — 2 374 даана
Мындан тышкары, 2026-жылы 42 000 акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда.
Акылдуу эсептегичтердин артыкчылыктары:
• көрсөткүчтөрдү серверге реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө өткөрүп берет;
• керектөө белгиленген кубаттуулуктан ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;
• дебитордук карыз болгон учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрүп, төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кайра күйгүзөт;
• эсептегичке тыштан кийлигишүү аракети аныкталганда дароо кабар берет;
• жеткирилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат;
• электр энергиясын уурдоонун коркунучтарын азайтып, контролёр менен керектөөчүнүн түз байланышына болгон муктаждыкты кыскартуу аркылуу адам факторун жокко чыгарат;
• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн коргойт.