www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр АКШнын президенти болуп ишке киришкен Дональд Трамптын жоруктары менен кадамдары дүйнөнүн адамдарын таң калтырып бүтпөй койду. Ал өзү өткөн жылдын тогуз айында сегиз согушту токтотконун кайра-кайра айтты.

Албетте, логикага жана Трамптын ушул пикирине ылайык, мурда тарыхта болуп көрбөгөндөй натыйжа үчүн - сегиз согушту токтоткон адамга Нобелдин тынчтык сыйлыгы берилишине альтернатива болбошу керек эле. Бирок, Нобель комитети андай ойлобостон, өткөн жылкы сыйлыкты Венесуэлланын оппозиция лидери Мария Корина Мачадого ыйгарган. Ошол учурда Трамп кыйыр түрдө бул чечимге ыраазы болбогонун билдирген. 

Бирок, кыргыздар айтмакчы, буюрган нерсеге айла жок окшойт, Мария Корина Мачадо өткөн бейшемби күнү өз ыктыяры менен Дональд Трампка Нобель сыйлыгынын медалын тапшырып берди. 

Аны менен катар Мария Мачадо президент Трампка 200 жыл мурда франциялык генерал Лафайет өзү алган американын президенти Джордж Вашингтондун сүрөтү түшүрүлгөн медалды Симон Боливарга бергенин эске салды. Эми 200 жылдан кийин Боливардын эли АКШнын президентине – Вашингтондун мураскерине алардын эркиндикке берилгендигин таануу иретинде Нобель сыйлыгынын медалын тапшырып отурганын белгиледи. 

Эске салсак, генерал Лафайет Америкадагы революциядан улам шыктанып Томас Джефферсондун көмөгү менен Франция үчүн Адамдын жана жарандык укуктарынын француз декларациясын иштеп чыккан француз болгон. Декларацияда “Адамдар эркин жана укуктары теңдеш болуп төрөлүшөт жана ошондой бойдон калышат” деп жазылган. 

А Симон Боливар - Түштүк Америкадагы Венесуэланын, Колумбиянын, Эквадордун, Перунун жана Боливиянын испан колониялык башкаруусунан эркиндикке чыгуусу үчүн күрөштун лидери. Кийин Боливиянын президенти да болгон. 

Мария Корина Мачадо өз сөзүндө мына ушуну эске салды. Анын пикири боюнча, Дональд Трамп “Венесуэладагы бардык саясий туткундардын жана венесуэлалыктардын эркиндигин жактайт, ошондой эле ал республиканын АКШнын күчтүү союздашы катарында потенциалын тааныйт”. 

"Менимче, бүгүн биз - венесуэлалыктар үчүн тарыхый күн", — деди Мачадо Трамп менен алгачкы жеке жолугушуусунан кийин.

Ушул жерден эки маселе келип чыгууда. Биринчиси – сыйлыктьы ыйгарууга укуктуу болгон Норвегиянын Нобель комитетинин эрежелери боюнча, сыйлыкты алган адамдын аны башка бирөөгө кайра берүүгө да, бөлүшүүгө да укугу жок.

Бирок, Трамптын акыркы жоруктары көрсөтүп тургандай, мыйзамдын (эреженин) күчү эмес, күчтүн (эреженин) мыйзамы үстөмдүк кыла баштагандай. 

Экинчи маселе - Мария Корина Мачадо сыйлыктын медалы менен кошо анын пулун да берди болду бекен? Берсе, аны алууга миллионер Дональд Трамп макул болдубу? 

Биздин оюбузча, Трамп акчага көзүн кызыртпаса керек. Ага сыйлыктын акчасы эмес, өзү (аты) маанилүүдөй... 

Эмнеси болсо да, адаттан тыш жоруктары менен аты чыккан Дональд Трамп “болбогонду болтуруп” Нобель комитети бербеген сыйлыкты алып алды. Азыркы буга байланыштуу ызы-чуулар акырындык менен унутулат, а медаль Трамптын кокүрөгүндө жаркыраган боюнча кала бермекчи.

Ызы-чуу демекчи, Bloomberg жазгандай, Осло университетинин профессору Янне Хааланд Матлари айткандай, мындай эч ким укпаган. “Бул Мария Корина Мачадо тарабынан сыйлыкты таптакыр урматтабагандык”.

Норвегиянын борбору Ослонун мурдагы мэри Реймонд Йохансен: “Бул өтө уят жана эң белгилүү жана маанилүү дүйцнөлүк сыйлыктардын бирине зыян келтирет... Сыйлыкты ыйгаруу эми ушунчалык саясатташкан жана потенциалдуу коркунучтуу, ал тынчтыктын сыйлыгына каршы багытталган окуялардын өнүгүшүн жеңил легитимдештириши мүмкүн”, - деди.

Ушуга үндөш, Трампты жана Мария Коринаны сындаган пикирлер көп эле айтылууда. Бирок, андан Трамптын “кылы кыйшайган жок”. 

“Мария мага өзүнүн Тынчтыктын Нобель сыйлыгын менин жасаган иштерим үчүн тапшырды”, - деп комментарий берди ал.

Последние новости