www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөгө бала төрөп, ага АКШнын жарандыгын алуу максаты менен келүүнү көздөгөн чет элдиктердин кирүүсүн чектеген жарлыкка кол койду. Бул тууралуу ал 6-августта Ак үйдө өткөн иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, жүз миңдеген адамдар АКШнын Конституциясындагы өлкө аймагында төрөлгөндөргө жарандык берүүчү жобону кыянаттык менен пайдаланып келишкен.

«Бул чоң бизнеске айланып кеткен, эми биз бул бизнеске чек коёбуз», — деди Трамп.

АКШ президенти жарлыктын кандай тартипте иштей турганын тактаган жок. Бирок ал бийлик туристтик сапар деп көрсөтүлүп, чындыгында баланы төрөтүү үчүн гана келгендердин мындай тажрыйбасына чек коюуну көздөп жатканын белгиледи.

Последние новости