www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда күзөт милициясынын кызматкерине карата одоно мамиле жасаган жана өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган жаран тууралуу видео тараган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул факты каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодо көрсөтүлгөн адам Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери эмес экени аныкталган. Ал 1997-жылы туулган А.А.А. аттуу жаран болуп, ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок экени такталган.

Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, мыйзам чегинде тиешелүү укуктук баа берилет.

ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, расмий эмес маалыматтарга ишенбөө жана окуялар боюнча такталган маалыматтарды гана колдонуу зарыл.

Последние новости