www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында опузалап талап кылууга шектелген топтун мыйзамсыз аракеттерин токтотту.
УКМКнын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 6-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү ишкерден опузалап талап кылынган акча каражатын алып жаткан учурда 1999-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка тиешеси бар деп шектелген дагы үч адам кармалган. Алар: 2001-жылы туулган Д.К., 2001-жылы туулган М.М. жана 2000-жылы туулган А.К.
Тергөөдө аныкталгандай, шектүүлөр ишкерди күч колдонуу менен коркутуп, андан ири өлчөмдөгү акча каражатын талап кылышкан.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгү («Уюшкан топ тарабынан жасалган опузалоо») боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо жана ага тиешеси бар башка адамдарды табуу максатында тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү улантып жатканын белгилеп, шектүүлөрдүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандарды Ысык-Көл облусу боюнча УКМК башкармалыгына +996 555 540 052 номери аркылуу кайрылууга чакырды.