www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп ЦРУнун директору Жон Рэтклиффтин Москвага болгон сапарында Орусияга АКШдан атайын эскертүү жеткирилген деген маалыматтарды четке какты.

Трамптын айтымында, Рэтклифф Орусиянын тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин менен мурда да байланышып турган. Алар болжол менен жарым жылда же бир жылда бир жолу жолугуп турушат.

«Эч кандай билдирүү болгон эмес жана адаттан тыш эч нерсе болгон жок», — деди Трамп.

Рэтклифф Москвага 25-августта жашыруун сапар менен барып, Нарышкин менен сүйлөшкөн. Кремль да алардын жолукканын ырастап, Владимир Путин Рэтклифф менен жолукпаганын билдирди. Нарышкин сүйлөшүүлөрдү атайын кызматтардын кадимки ишинин бир бөлүгү деп атады.

Бирок америкалык The Washington Post, Reuters жана Axios булактарынын маалыматтарында Рэтклиффтин сапарынын максаты боюнча башка версиялар айтылууда. Анонимдүү америкалык булактар анын сүйлөшүүлөрүндө Орусиянын Украинадагы согушту күчөтүүсү жана НАТО өлкөлөрүнө карата мүмкүн болгон аракеттери тууралуу кооптонуулар көтөрүлгөнүн билдиришкен.

Трамп болсо Орусиянын НАТОго кол салуу коркунучун да четке кагып, «алар НАТО аймагына кол салышпайт» деп билдирди.

Последние новости