www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында өзүн Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу катары көрсөткөн маалыматты жарыялады. Андагы маалыматта Венесуэла башчысынын милдетин аткарам деген жазуунун скриншотун көрүүгө болот. Аталган дайындоо 2026-жылдын январь айына таандык экени көрсөтүлгөн. Бул билдирүү дүйнөлүк коомчулукта чоң резонанс жаратты.

Белгилей кетсек, АКШ Венесуэлага каршы аскердик операция жүргүзүп, өлкө башчысы Николас Мадурону жана анын жубайы Силия Флорести кармап, өлкөдөн чыгарып кеткен соң, учурда өлкө башчысынын милдетин Дельси Родригес аткарып жатат.

Арийне, АКШ администрациясы Мадуро сот жоопкерчилигине тартыларын билдирсе, Конгресстин айрым мүчөлөрү бул операцияны мыйзамсыз деп атады. Венесуэланын Тышкы иштер министрлиги болсо Вашингтондун аракеттерине байланыштуу эл аралык уюмдарга кайрылууга ниеттенгенин маалымдады.
Учурда Венесуэладагы абал курч бойдон калууда. Бул окуя Латын Америкасында гана эмес, бүтүндөй дүйнөлүк саясатта жаңы чыңалуунун башталышы катары бааланууда.

Последние новости