www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандагы массалык нааразылык акцияларын колдой турганын билдирип, бул өлкөдө бийлик алмашкан учурда өнөктөштүк мамилелерди убада кылды.

Жекшемби күнү өткөн өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып, премьер-министр Израиль Ислам Республикасындагы кырдаалга кунт коюп көз салып жатканын айтты.

«Эркиндик үчүн демонстрациялар өлкө боюнча жайылды. Израил эли, бүт дүйнө Иран жарандарынын укмуштуудай каармандыгына суктанып турат. Израиль алардын эркиндик үчүн күрөшүн колдойт жана бейкүнөө тынч тургундардын массалык түрдө өлтүрүлүшүн чечкиндүү түрдө айыптайт. Баарыбыз перс эли жакында тираниядан бошоноруна үмүт кылабыз. Ал күн келгенде Израиль менен Иран эки эл үчүн тең бакубатчылык жана тынчтык куруу жолунда кайрадан ишенимдүү өнөктөштөргө айланат», — деп билдирди Нетаньяху. Анын сөздөрүн премьер-министрдин кеңсеси таратты.

Белгилей кетүүчү нерсе, Нетаньяху буга чейин эле «тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү» Ливанга, Газага жана Сирияга алып келген. Ал жактарда күн сайын жүздөгөн адамдар террористтердин жана Израил армиясынын колунан каза болуп, андан да көп адамдар ачарчылыктан набыт болууда.

Иран жарандарынын «каармандыгы» тууралуу да айта кетсек, Иранда күн сайын Израилдин «Моссад» чалгын кызматынын агенттери кармалып, алар согушкерлердин аракеттерин координациялап, кээде түздөн-түз багыт берип, башаламандыктарды уюштуруп жана козутуп жатканы айтылууда.

Последние новости