www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда өз энесин уруп-сабап, кыйноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 29-декабрында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Полтавка айылынын тургуну, 1985-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран, өзүнүн бир тууган 1981-жылы туулган Ж.С. аттуу агасына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал арызында, 2025-жылдын 28-29-декабрына караган түнү Ж.С. аттуу агасы өз үйүндө, 1950-жылы туулган Ж.М. аттуу энесин уктап жаткан учурда жаздык менен муунтуп өлтүрүүгө аракет кылганын билдирген. Жабырлануучу каршылык көрсөткөн учурда, ал анын денесине бир нече жолу сокку урган.

Аталган факт каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Ж.С. тарабынан жубайы А.Г. менен «WhatsApp» мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлгөн кат алышуулар текшерилип, анда энеси Ж.М.ни өлтүрүү ниети тууралуу билдирүүлөр бар экени аныкталган.

Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, жаран Ж.С. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук соттун чечими менен ага карата эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Аталган кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

 

Последние новости