www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Трамп Гренландияны басып алуу планын иштеп чыгууга буйрук бергенин РИА Новости Daily Mail басылмасына таянып жазды.

Андагы маалыматта: “АКШ президентинен мындай тапшырманы алган Бириккен атайын операциялар командасынын башчысы бул мыйзамсыз иш экенин жана Конгресс буга каршы чыгышы керектигин айтууда”, - деп айтылат.

Басылманын маалымат булактары Трампты жактагандар Мадурону кармоо операциясына суктанып, Россия менен Кытай бир нерсе кылып жибере электе Гренландияны басып алууну зарылдыгын билдиришкен.

Белгилей кетсек, январдын башында Трамп Гренландияны АКШнын курамына киргизүү туурасында жар салып, бул кадам Кытай менен Россиянын таасирине каршы туруу үчүн жасалып жатат деп түшүндүргөн.
Бирок Трамптын мындай максаты Европаны чууга салды. Греландияга көз артуу НАТОну ичинен талкалай турган кадам болору айтылды.

Ошондой эле, Евробиримдик эгер АКШ Гренландияга койгон дооматтарынан баш тартпаса, америкалык компанияларга каршы санкцияларды даярдай турганы дагы талкууланып жатканын Telegraph гезити жазды. Анын алкагында ЕБ өзүнүн аймагында АКШнын технологиялык ири компанияларына, анын ичинде Meta*, Google, Microsoft жана X компанияларына санкция киргизиши мүмкүн. Мындан тышкары, америкалык банктар менен каржы фирмаларынын дагы иши бөгөттөлмөкчү. Азыр Европа базаларында турган америкалык аскерлерди чыгаруу акыркы чара катары каралууда.

Гренландия 1953-жылга чейин Даниянын колониясы болуп келген. Падышалыктын курамында калганы менен 2009-жылы автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү аныктап келет.

Последние новости