www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Мен Путин менен абдан жакшы сүйлөшүүлөрдү өткөргөм, бирок Украина менен андай болгон жок. Алардын эч кандай ишенимдүү картасы жок, бирок катуу туруштук беришүүдө. Бирок биз буга мындан ары жол бербейбиз", – деп АКШ президенти Ак үйдө губернаторлор менен жолугушуу учурунда айтканын AFP агенттиги жазды.
Ошол эле күнү Трамп Fox Radio'га маек берип жатып, Владимир Зеленскийди сындаганын улантты. Ал АКШнын Каржы министри Скотт Бессенттин Киевге болгон сапарын "бошко кеткен сапар" деп атап, украин бийлигин коопсуздук кепилдиктери жок эле, өлкө үчүн пайдалуу эмес келишимге кол коюуга ынандыруу аракети ийгиликсиз болгонун айтты. Бул келишим сейрек кездешүүчү металлдар боюнча болчу.
Трамп Зеленскийди "сүйлөшүүлөр үчүн маанилүү эмес фигура" деп атап, анткени анын сунуштай турган эч нерсеси жок экенин билдирди. Ошондой эле, ал согуштун улануусуна украин бийлигин күнөөлөп, жоопкерчиликти алардын мойнуна жүктөдү. Радио алып баруучусу ага каршы чыгып, согушту баштаган агрессор – Путин экенин эске салганда, Трамп: "Мен муну уккандан тажадым", – деп жооп берди.