www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп “жинди” Америкада

Учурдагы АКШнын президенти Дональд Трамп эгер анын атаандашы Джо Байден президент болуп шайланып калса, Америкада "революция" болот деп билдирди. 

“Байден бийликке келет. Ал алсыз адам.  Анын тобу
аны куурчактай иштетишет ... Бул революция. Ал алсыз адам жана ал өмүр бою ушундай болгон ... Ал президенттикке талапкерлигин койбошу керек ", - деди Трамп Fox News каналына.

Байденди көзөмөлдөгөн лидердин суроосуна Трамп аны тааныбайм деди.

Ошондой эле Трамптан анын тарапкерлеринин нааразычылык акциясына чыккандарга "каршы" болушун каалайсызбы деген суроо берилди.

"Жок, мен муну каалабайм, ишти укук коргоо органдарына өткөрүп берем" деп жооп берди Трамп.

Май айынын аягынан бери Кошмо Штаттарда нааразычылык акциялары уланууда. Демонстранттар афроамерикалыктар полиция тарабынан өлтүрүлүп же жаракат алган учурларда акыйкаттыкты талап кылышууда.

Бир катар шаарларда баш аламандыктар катталды. Карантинден тажаган калк бардык жек көрүү сезимдерин көчөлөргө төгүштү. Дүкөндөр талкаланып, уурулуктар башталды.

АКШда кийинки президенттик шайлоо 3-ноябрда болот. Учурдагы президент Дональд Трамп шайлоодогу ордун сактап калуу үчүн Жо Байден менен күрөшөт.

Рушанабону Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости