www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Көчмөн Номад» коомдук фонду «Кыргызстан» саясий партиясына каршы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз менен кайрылды. Бул тууралуу маалымат фонддон алынды.

БШКга берилген арызда «Кыргызстан» партиясы шайлоого тиешелүү документтерди жана талапкерлердин тизмесин мыйзамда белгиленген убакта жана партиянын Боршайкомдогу өкүлү тапшырбаганы жазылган.

Учурда Жогорку соттун алдында "Таза шайлоо үчүн" аталышындагы акция өтүүдө. Аталган акцияга жарандык активисттер, укук коргоочулар катышууда. Бүгүн Жогорку сотто "Кыргызстан" партиясы боюнча доо арыз каралмакчы. 

Активисттер "документтери такталбаган партиялар шайлоого катышпашы керек, мыйзам буга жол берсе аягына чейин турабыз"- деген талаптарын айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости