www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трампты ууландырууга аракеттер жасалдыбы?

АКШнын президенти Дональд Трамптын атына ак үйгө уу салынган пакет жөнөтүлгөн. Пакеттеги уунун “рицин” белогу экендиги аныкталып, анын кичинекей эле өлчөмү бир адамды өлтүрүүгө жетиштүү экени билинди. Бул тууралуу haberler.com маалымат порталы жазган.

АКШнын маалымат булактары берген кабарларга ылайык, пакет ак үйгө ушул аптада жөнөтүлүп, алуучунун Трамп экени белгиленген. Алгач коопсуздук кызматкерлери тарабынан жасалган текшерүүдө пакеттин ичинде уу зат бар экени билинген.

Окуяга байланыштуу Федералдык тергөө бюросу (FBI) жана президентти коргоочу Жашыруун сервис кызматы тарабынан тергөө иштери башталды. Ак үй тарабынан буга байланышкан түшүндүрмө жасала элек. Ал эми уу зат салынган пакетке учурда аймактан тышкары бир жерде анализ жасалып, көзөмөлгө алынып жатат.

Пакетке салынган рициндин кичинекей эле өлчөмү бир чоң адамды өлтүрө алат. Дүйнөдөгү эң күчтүү уулардын катарын толуктаган рицин курамында белок камтылган цитотоксин катары белгилүү. Газ түрүндө тарап, өпкөнүн иштөөсүн токтотуучу бул зат алгачкы 8 саат ичинде патологиялык өзгөрүүлөрдү жарата алат. Жалпы жонунан 26-72 сааттын ичинде дем алуунун жетишсиздигине алып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости