www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-сентябрда партиянын талапкери Илхом Маннанов Араван районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жаткан учурда чагымчыл топ партиянын катышуучуларыны сабап, чатак чыгарды. Мунун кесепетинен «Мекеним Кыргызстандын» бир нече талапкери оор жаракатынан улам тез аранын ичинде ооруканага жаткырылды. Алардын бири Ош аймактык ооруканасында оор абалда жатат. Кээ бир ЖМКлар бул окуя тууралуу маалыматты таратууда булак катары укук коргоо органдарын колдонуп, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жазып жатат. Ошондой эле социалдык тармактарда да партиянын атын жамынып фейк маалымат тараткандар болду.

Окуя болгон жерде чынында эле эмне болуп жатканы, кол салуучу тарап ким экенин далилдей турган видеолор көп. Бизге маалым болгондой бул факт “Бейбаштык” беренеси боюнча катталган. Бул боюнча адилет жана калыс чечим чыгат деп ишенебиз. Муну менен бирге биз аталган факт боюнча жергиликтүү калкты жана эл аралык байкоочуларды тартабыз.

Эч кандай шайлоо, эч бир үгүт иштери өлкөбүздүн туруктуулугуна, тынчтыгына жана этностор аралык ынтымагына арзыбайт.

Эки жумадан соң бул шайлоо да бүтөт. А мындан ары да биз ата-бабаларыбыздан калган жерде бирге жашап, жүз-көрүшүп, ал-жай сурашып жашайбыз.

Бул “Мекеним Кыргызстан” үчүн эң жогорку баалуулук болуп саналат. Биз бул жүрүштөгү бардык тарапташтарыбызды "отко май куйаардан" биринчи карапайым калкты жана да Кыргызстандын бейпилдигин ойлоого чакырабыз. Ошондуктан, бийлик мындай провокациялары үчүн “заказчиктерди” катуу жазага тартышы керек. Анткени, Кыргызстандын бейпил жашоосунан кымбат эч нерсе жок!

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости