www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында таштандыны чаржайыт таштаган соода түйүндөрүнө жана жарандарга эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган багытта "Ош-Тазалык" ишканасы жана мэриянын кызматкерлери рейддик иш-чараларды дагы күчөтүп жатканы айтылат.

"Ленин жана Курманжан датка көчөлөрүндө жол боюна таштанды ыргыткандар көп болорун айтып кайрылышкан. Рейддин алкагында эреже бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, оозеки жана жазуу түрүндөгү эскертүү берилди. Ошондой эле административдик чараларды колдонулары белгиленди", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, шаардын тазалыгын сактоо максатында ХБК кичи районундагы Салиева көчөсүнө 15 таштанды салуучу контейнер орнотулганы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости