www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында шахмат боюнча Азиянын биринчи чемпионаты башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш Дүйнөлүк шахмат федерациясы, Азия шахмат федерациясы жана Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык шахмат ассоциациясы тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө.

Чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан 25ке жакын шахматчы катышууда.

Турнир 9 турдан турган швейцариялык система боюнча өтүүдө.

Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

Мэриядан белгилешкендей, программанын алкагында маданий иш-чаралар да каралган. 9-апрелде катышуучулар “Ала-Арча” жаратылыш паркына барып эс алышат.

Последние новости