www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коммерсант катары телчигип, көмүр сатууда «салык жашырууга шектелген» Улан Примовду таанып калдыңарбы? Алгач Ош шаардык кеңешинде депутат, кийин Жогорку Кеңешке КСДПнын артынан эптеп илинген.

Саясый ой жүгүртүүсү чабалдык кылса да, кошомат кылуу, акчанын күчү менен көтөрүлүп алды. Убагында Алмамбет Анапияевге «отметка» кылып жүргөнү жалганбы? Бул суроого качып эле жооп бербейт...

Учурда парламентте вице-спикер катары иштеп жатат. Төрдө отурганы ушул болсо, көпчүлүк депутаттарга кандай баа бересиңер? Эгерде Жогорку Кеңештин катмары интеллигенциядан, аткаруу кызматындагы тажрыйбалуу жетекчилерден, илимий чөйрөдөн куралса, баркталат эле, туурабы?

Ага болбой эле негизинен соода-сатык, базар, спорт залдардан келип жатышпайбы. Ошон үчүн алгылыктуу мыйзамдар жазылбай, натыйжалуу иштер жүрбөй, мамлекетибиз өнүкпөй жатат да...

Булак: Азия News гезити

Последние новости