www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы Бишкекте гуманитардык жардам таратылып жатканын айтып, аны алууну каалагандарга телефон номерлерди жарыялады.

Маалыматка ылайык, калктын аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин төрагасы мэрияга Мамлекеттик материалдык резерв фонду менен ӨКМ бөлгөн гумжардамды таратуу тапшырмасын берген.

"Гумжардам Бишкектеги 22 пунктуда 4-февралдан тарта бериле баштаган. Анын ичинен алтоо Ленин районунда, бешөө Свердлов районунда, бешөө Биринчи Май району, ал эми алтоо Октябрь районунда жайгашкан", — деп айтылат маалыматта.

Гумжардам алууну каалагандар үчүн жооптуу кызматкерлердин телефондору:

Октябрь району — 51 02 01, 57 74 30;

Свердлов району — 53 05 06, 36 01 14, 36 03 35;

Биринчи Май району — 67 03 81;

Ленин району — 65 37 46, 65 38 92, 65 37 46.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости