www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрк мамлекеттеринин уюму карапайым калкка, жарандык инфраструктурага, анын ичинде мектептерге каршы оор куралдарды колдонуу менен жасалган агрессияны айыптайт. Бул тууралуу уюм өз сайтында билдирди.
Маалым болгондой, ТМУнун башкы катчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы уланып жаткан куралдуу кагылышууларга терең тынчсыздануусун билдирип, ок атышууну тезинен токтотуп, талаш-тартыштарды саясий жана дипломатиялык жол менен сүйлөшүү үстөлүндө чечүүгө чакырат.
«Түрк мамлекеттеринин уюму карапайым калкка жана жарандык инфраструктурага, анын ичинде мектептерге оор аскердик куралдарды колдонуу менен жасалган кол салууну айыптайт жана инцидентти жөнгө салууда максималдуу сабырдуулуктун алкагында токтоосуз кадамдарды жасоого чакырат», - деп айтылат кайрылууда.
Булак: NazarNews.kg