www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык спортчу Арсалан Будажапов Сербияда өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.
Ал 79 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
15-сентябрда биринчи беттешинде французду жеңип, андан кийин Тажикстандын спортчусунан күчтүүрөөк болгон. Жарым финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык спортчу дүйнөнүн учурдагы чемпиону жана 2012-жылкы Олимпиада чемпиону АКШдан кез келип, ага жеңилип калган.
16-сентябрда коло үчүн жубатуучу турнирдин экинчи айлампасында Будажапов түркмөн оюнчусу менен беттешип, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкен.
Коло үчүн болгон беттеште анын атаандашы Болгариянын курамасында ойногон орусиялык легионер болду. Будажапов аны 5:1 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.
Эрназар Акматалиев да 70 килограммга чейинки салмак ченинде коло тагынды.
Булак: NazarNews.kg