www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Орусия менен, анын ичинде НАТОдогу Швеция жана Финляндия менен аскердик чыр-чатакты тутандырууну каалап жатат. Мындай пикирин түркиялык Hurriyet гезитине баяндамачы Недим Шенер билдирди.

Ал Вашингтондун максаты — анын дүйнөлүк гегемониясын жана НАТОнун таасир сферасын кеңейтүү деп ырастайт.

Журналист: «Эгер Түркия «жок» деп эки өлкөнүн НАТОго мүчөлүгүнө вето койсо, бүткүл дүйнө, өзгөчө Швеция жана Финляндия үчүн маанилүү кадам таштайт», - деди.

Шенер кошумчалагандай, Анкара альянстын кеңейишине каршы болуп, Москванын провокациясы менен АКШнын оюнун бузууга кудуреттүү.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган талапкер өлкөлөрдүн НАТОго мүчөлүгүнө каршы чыккан.

Кийинчерээк Анкара документке бир катар шарттар менен кол коюуга макул болоорун айткан. Ошентип, Анкара акыркы F-35 согуштук учактарын жеткирүү программасына мүчөлүгүн кайтарууну каалайт жана орусиялык S-400 абадан коргонуу системаларын сатып алуу үчүн АКШнын санкцияларын алып салууну талап кылды.

Түркиянын мындай билдирүүсүнөн кийин CNN агенттиги Анкара мындай позицияда кете берсе көп өтпөй буга чейин сөз болгондой Түркия НАТОдон чыгарылыш мүмкүн экенин жарыялаган.

Кошумчалай кетсек, Түркия Финляндия менен Швециядан Күрдистан жумушчу партиясын гана эмес, Түркия террорчу деп эсептеген аны менен байланышы бар уюмдарды да ачык айыптоосун талап кылган.

18-майда Финляндия менен Швециянын өкүлдөрү альянстын Брюсселдеги штаб-квартирасында НАТОго мүчөлүккө расмий түрдө арыз беришти. Кошулуу келишимин ратификациялоо бир жылга чейин созулушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости