www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Мариуполь шаарындагы “Азовсталь” заводунун аймагынан чыгарылган украин жоокерлери Донецктин алдындагы Еленовка айлындагы мурунку түзөтүү колониясына жеткирилди. Бул тууралуу Reuters агенттиги күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди. 

Түзөтүү мекемелери орус аскерлеринин жана Донбасстагы жикчилдердин өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө.

Орусия Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, “Азовсталдан” 959 аскер чыгарылды, алардын 51и Донецк облусундагы Новоазовска ооруканасына жеткирилди.

17-май күнү кечинде агенттик “Азовсталь” заводунун аймагынан украин аскерлери отурган жети автобус чыкканын маалымдаган.

17-майда Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр "Азовсталдан" чыгарылган украин аскерлерин айырбаштоо боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын айткан. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости