www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Артур мырза, учурда Баткен, анын ичинде Хорог маселеси кайрадан тажиктер тараптан көтөрүлдү. Ушул боюнча оюңуз кандай?

- Тажикстанда болуп жаткан окуялар, өзгөчө Хорог боюнча маселе өтө олуттуу. Тоолуу Бадахшан республикасы түзүлгөндөн баштап эле Тажикстанда ар кандай чатак иштер болуп келген. Өзгөчө Тажикстан эгемендикти алгандан кийин Хорог шаарында куралдуу көтөрүлүштөр байма-бай болбосо да, анда-санда болуп турган.

Былтыр, быйыл да ушундай жагдайлар кайталанды. Себептери ар түрдүү. Тажикстандын Тоолуу Бадахшанда жашаган элдери негизинен памирлик тажиктер ислам дининин шиит, анын ичинен исмаилиттерди көп тутушат.

Экинчиден, алар чет жакта тургандан кийин кадр, социалдык маселеси боюнча абдан начар каралганы айкын.

Үчүнчүдөн, бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар өздөрнүнүн социалдык, саясый, экономикалык абалдын төмөн түшүп кеткенине байланыштуу. Андан тышкары, акыркы убакта дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан ар кандай каршылашуу процесстеринин негизинде булардын ичиндеги ар бир кландын Душанбеге - борборго тирешүүсү катары өздөрүнүн каршылыгын көрсөтүшү мүмкүн.

Төртүнчүдөн, Тоолуу Бадахшанга болгон исмаилиттердин чет мамлекеттен келген жардамдары саясый жана экономикалык таасири билинбеген менен бар экени анык. Ошон үчүн бүгүнкү күндө жагдай уланып, бирок чоң натыйжалуу иштерге бара албай турган чагы.

Себеби, Тоолуу Бадахшанда 240-250 миң адам жашайт, аймагы боюнча Тажикстандын 45 пайызын түзүп, андагы жашаган элдерге азык-түлүк, ар кандай курулуш материалдары жолдун катаалдыгынан кыйынчылык менен жетет.

Демек, бул жакта каршылашуу, тирешүү боло берет. Анткен менен келечекте Тоолуу Бадахшандын памирлик тажиктери алдына койгон өзүнчө сепаратисттик оюндарды баштап, ошонун негизинде өзүнчө мамлекет болуу үчүн ар түрдүү ой-пикирлерди жараткан учурлары кездешет.

Аларды тымызын шынак берип турган оппозициялык кыймылдары азыр да ишмердигин улантууда. Ага Тажикстандын бийлиги өздөрүнүн диндик кысымдар, туура эмес чараларды көрүү менен шарт түзүп койду. Жакын арада эле Тажикстандын Ислам кыймылына кирген куралдуу күчтөрдүн канаты пайда болуп, Рахмонго каршылык көргөзөбүз (1) деп өздөрүнүн жүздөрүн ачып жарыялашты...

- Ушундан улам биздин чек ара, анын ичинде аскерий абалыбыз кандай экенинен кабарыңыз барбы?

- Учурда Кыргызстан менен Тажикстан, Өзбекстан ортосундагы чек ара маселелери өтө орчундуу, өзгөчө Тажикстан менен. Себеби, былтыркы окуялардан кийин Кыргызстан өзүнүн чек арасын аскерий көңүл бура баштады. Бирок, канткен менен биздин коңшу Тажикстандын чек арачылары акыркы убакта көптөгөн чагымчылык иштерди кылышып, биздин жарандардын кайтыш болгон учурлары да катталууда.

Эмнегедир биздин чек арачылар тараптан адекваттуу түрдө ошого карата чара көрүп, же жооп болгону көрүнбөйт. Чек ара боюнча демаркация, делимитация иштери аягына чыкмайынча мындай иштер боло берет, токтобойт.

Анткени, ошо жерде жашаган элдердин жер, суу маселелери кыйынчылыктарды жаратып жатат. Ал эми биздин аскердик абалыбыз заманбап болбосо да патриоттук жана моралдык жагынан деңгээли жогору. А курал-жарактарга келсек, жанагы «Байрактарды» алдыкпы, башкаларыбы (?), баары бир жогорку баскычтагы курал-жарактар бизде жок.

Ошон үчүн биз өзгөчө Баткен тараптагы чек ара маселелери боюнча делимитация, демаркация иштерин тездетип, аларды дипломатиялык, тынчтык жолдун негизинде чечкенге болгон күчтү жумшап, тез арада аракет кылышыбыз керек!

Булак: Азия News гезити

Последние новости