www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухарем Касапоглу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Изник шаарында өтөөрүн билдирди.

13-майда өткөн басма сөз жыйынында Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын жетекчиси Билал Эрдоган бул иш-чарага жүздөн ашуун өлкөдөн үч миңдей спортчу катышарын айтты.

Эске салсак, 2020-жылы Түркияда өтөөрү пландаштырылган Көчмөндөр оюну коронавирус пандемиясынан улам 2022-жылга жылган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.

Ал эми Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Курамына сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарды уюштурган федерацияларды камтыйт. Конфедерацияны Түркиянын президентинин уулу Билал Эрдоган жетектейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости