www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Евробиримдик Россия мунайына эмбарго киргизген күндө Москва гана утушта болот. Бул тууралуу швейцариялык Neue Zürcher Zeitung гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Россия мунайынын көлөмү азайгандыктан Европа өлкөлөрүндө анын баасы көтөрүлдү. Демек, Россия аз көлөм менен деле мурдагыдан дагы көп киреше көрүп жатышы мүмкүн. Албетте, мындай учурда Москва гана утушта болот. Анын үстүнө эмбарго киргизилгенден кийин баа мурдагыдан да кескин көтөрүлөт", — деди Хосп.

Мындан тышкары, адистер эмбаргодон улам Кытай менен Индия Россиядан арзан баада мунай алып пайда көрөрүн кошумчалады.

Ал эми ЕЭКтин Отун-энергетика комплексинин экономика бөлүмүнүн башчысынын орун басары Сергей Колобанов газ эмбаргосу тууралуу оюн айтты. Анын пикиринде, Европага башка өлкөлөрдөн келген жаратылыш газы океандагы тамчыга барабар экенин айтууда.

"Европа россиялык газдан этап-этабы менен баш тартууга үмүттөнүүдө. Бирок ушул эле көлөмдөгү газды башка жактардан алуунун ордуна газ колдонуунун көлөмүн азайтууга аракет кылып жатышат. Учурда алар көгүлтүр отту Норвегиядан, Алжирден жана Азербайжандан алууну көздөөдө. Анткен менен бул Россия газынын көлөмүнө салыштырмалуу океандын тамчысындай болуп калат", — деди Колобанов.

Мындан тышкары, ал Алжирдин Испанияга ири кубатуулукта газ жиберүү мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок Пиреней жарым аралында чектөөлөр көп экенин эске салды. Франция менен газ байланышын жандандыруу үчүн өлкөлөр ортосундагы MidCat кууру боюнча долбоорду кайра баштоо керектигин, бирок буга бир нече жыл кетерин кошумчалады.

Андыктан адис Европада быйыл газды үнөмдөөдөн башка айла калбаганын билдирди. Ал эми келечекте энергиянын кайра жаралуучу булактары жана атомдук электр станциялары тарабынан электр энергиясын иштеп чыгууну жолго салышы керек.

Еврокомиссия март айында Евробиримдик үчүн 2022-жылы Россия газына болгон суроо-талапты үчтөн экиге, башкача айтканда, болжол менен 100 миллиард куб метрге кыскарта турган атайын планды иштеп чыгууну сунуштаган. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен өткөн аптада Россияга каршы санкциялардын алтынчы пакетинин алкагында Россия мунайына этап-этабы менен тыюу салууну сунуштай турганын билдирди.

Ошол эле учурда Европанын кээ бир өлкөлөрү өздөрү үчүн жеңилдиктерди сурап жатышат. Мисалы, Венгрия менен Словакияга мунай импортунан баш тартуу үчүн 2023-жылдын аягына чейин убакыт керек. Жеңилдиктерге Чехия менен Болгария дагы муктаж. Санкцияларды бекитүү үчүн биримдиктин бардык мүчөлөрүнүн колдоосу керек.

Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. ЕБ өз мамлекеттерин Россиянын энергетикалык ресурстарына көз карандылыкты азайтууга чакырып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости