www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия эки тараптуу мамилелердин нормалдашуусу алкагында Египетке учкучсуз учактарды берет. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан “А Хабер” телеканалына берген маегинде билдирди.
"Биздин эки тараптуу мамилебиз төмөнкү себептерден улам маанилүү: бул аймактык коопсуздук көз карашынан алганда маанилүү жана соода жагынан да өтө маанилүү. Мамилелерди нормалдаштыруу Египет үчүн кандайдыр бир жардам жана технология алуу үчүн маанилүү. Ошондой эле Түркия менен дрон жана башка технологияларды жеткирүү боюнча келишимибиз бар. Биздин Африкадагы кызматташуубуз да маанилүү, айрыкча Ливияда", - деди Хакан Фидан.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Египетке ушул жылдын февраль айынын ортосунда келери күтүлүүдө. Бул түрк лидеринин 2013-жылдын июлунда Египеттин президенти Мохамед Мурси бийликтен кулатылгандан берки өлкөгө биринчи сапары болмокчу.
Анкара менен Каирдин мамилеси Түркия менен тыгыз байланышта болгон Мурси 2013-жылы бийликтен кулатылгандан кийин начарлап кеткен. Андан соң эки өлкө тең элчилерин чакыртып алды. 2021-жылдын март айында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Египет менен дипломатиялык мамилелерди калыбына келтиргенин жарыялаган. Египет менен Түркиянын президенттеринин кыскача жолугушуусу 2022-жылы ноябрда Катарда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземинде болуп, андан кийин мамиленин жылышы байкалды. 2023-жылдын февраль айынын аягында Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри Түркиянын түштүгүндөгү жер титирөөдөн жабыркаган Адана шаарына барды.
2023-жылдын 4-июлунда өлкөлөр Анкара жана Каирге элчилерин дайындоо менен дипломатиялык мамилелерди толук калыбына келтиришти.
Түркия менен Египеттин ортосундагы чыңалуу
Мохаммед Мурси өлкөнүн демократиялык жол менен шайланган биринчи президенти жана ислам дүйнөсүндөгү эң кадыр-барктуу лидерлердин бири болгон. Мурсинин бийлик системаларынын айынан бийликтен кулашы өлкө калкынын чоң нааразычылыгын жаратты. Президенттик кызматка Мурсиден кийин коргоо министри болуп иштеген Абдул-Фаттах Халил Ас-Сиси келди.
Египеттеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин карапайым калктын өкүлдөрү демонстрацияга чыгышты. Алар дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Египетке буруу үчүн демонстрациялардын символу катары төрт манжалуу колду тандап алышкан. Бул демонстрацияларда жана социалдык тармактарда кеңири жайылган.
Египеттеги экс-президент Мохамед Мурсинин тарапкерлеринин демонстрациясы Рабия Аль-Адавия аянтында өттү. Ал эми Рабия арабча "төртүнчү" дегенди билдирет. Мурси өлкөнү башкарган төртүнчү президент болгон. Андыктан демонстранттар баш бармактарын ийип, калгандарын өйдө көтөрүп митинг өткөрүштү. #R4BIA хэштегтери Интернетте, айрыкча Twitterде пайда болду. Инстаграмда эле бул хештег менен 100 миң билдирүү калтырылган.
Рабия Аль-Адавия 8-кылымда Жакынкы Чыгышта, азыркы Ирак жана Сирия аймагында жашаган жана ал үй-бүлөдө төртүнчү бала болгон. Рабия суфизмдин чоң өкүлдөрүнүн бири болгон. Рабия балалыгы кулчулукта өтүп, качып кеткенден кийин эркиндикке чыгат. Ал Египетте эркиндиктин символу катары тарыхка кирип, суфизмдин Рабия Адавия мектебин негиздеген.
Ал кезде төрт манжа менен Мурсини колдоо көрсөткөндөрдүн арасында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да болгон. Кийинчерээк ал Мурси өз өлүмү менен эмес, тескерисинче өлтүрүлгөнүн айткан.
"Мурси өз өлүмү менен өлгөн жок, алар аны өлтүрүштү. Египеттин демократиялык жол менен шайланган президенти сот залында 20 мүнөт жатты жана ага эч ким жардам берген жок", - деди Эрдоган.
2019-жылы сентябрда өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган сөз сүйлөп, Египет Араб Республикасынын экс-президенти Мухаммеддин жакындарынын Мурси жаназага катышкан жок.
"Египеттин шайланган президенти Мухаммад Мурсинин сот залында каза болуп, жаназага, жада калса үй-бүлөсүнө да катыша албай жатканы ичибизде канган жара", - деди Эрдоган.
Булак: NazarNews.kg