www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгрия Украинага жардам кылуу үчүн Европанын тынчтык фондунун бюджетин көбөйтүүгө бөгөт койбойт. Бул туурасында аталган өлкөнүн тышкы иштер жана тышкы байланыштар боюнча министри Петер Сийярто айтканын РИА Новости жазды.

"Биз Украинага курал бербеген ЕБдин азганактай өлкөлөрүнүн бирибиз. Бул саясатты өнүктүрүү ниетибиз жок, куралды биргелешип жөнөтүүгө умтулган аракеттерге катышпайбыз. Бирок башкалардын муну жасашына тоскоол болуп жана бөгөт кое албайбыз", — деген ал.

ЕБ бюджеттен сырткары Европанын тынчтык фондун 2021-жылдын март айында түптөгөн. Анын алкагында 5,7 миллиард еврону 2027-жылга чейин бөлүштүрүүнү пландаган. Каражаттын арбын бөлүгү Украинага аскердик колдоо көрсөтүү үчүн биримдиктин өлкөлөрүнүн чыгымдарын жарым-жартылай компенсациялоо үчүн сакталган.

Министр Будапешт муну менен катар эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнө курал берүү чечимин кабыл алууга катышпай турганын кошумчалаган.

Мурдараак Евробиримдикке кирген мамлекеттердин бардык лидерлери Брюсселде Киев бийлигине 50 миллиард евро бөлүп берүү боюнча макулдашкан. Украина боюнча чечимдердин көбүнө макул болбой тоскоолдук кылып жаткан Венгрия бул шартка көнгөн.

Politico басылмасы маалымат булагына таянып, өлкөнүн өкмөт башчысы Виктор Орбан Италиянын премьери Жоржи Мелони менен Франция президенти Эммануэль Макрондун узак убакыт бою сүйөшүүсүнөн кийин советтик мурдагы республикага каражат берүүгө көнгөнүн жазган.

Ал эми Орбан Будапешт Евробиримдиктин каражаттарынан тоңдурулган акчаларын Украинага жөнөтпөйт деген кепилдик алганын билдирген.

Өзүнүн айтымына караганда, ал Киев бийлигине берилген акчанын кантип керектелип жатканын текшере турган механизмди түзүү боюнча сунушка макул болгон.

Венгрия Украинада россиялык энергоресурстар боюнча санкцияларга жана Киевге курал жөнөтүүгө башынан каршы чыгып келет. 2022-жылдын март айында алардын парламенти өлкөнүн аймагынан Украинанын Куралдуу күчтөрүнө согуштук техниканы жөнөтүүгө тыюу салган жарлык чыгарган. ТИМ башчысы Петер Сийярто Будапешттин этникалык венгрлер жашаган Закарпатьени коопсуз кылууга умтуларын, анын аймагы аркылуу курал-жарак, ок-дарыны өткөрүү мыйзамдуу аскердик бута болуп каларынан сактанганын билдирген. Мамлекет башчысы Венгрия Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн тез башталышын колдоорун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости