www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик акыркы жылдары орус газына болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн туура кадамдарды жасаган жок жана кыска мөөнөттө андан баш тарта албайт. Бул тууралуу баяндамачы Ильяс Кемалоглу Anadolu агенттиги үчүн жазган.

Анын айтымында, Евробиримдик өлкөлөрү көп жылдар бою Борбор Азия менен Жакынкы Чыгыштын көгүлтүр отун ташуу планын ишке ашыра албаса, Орусия бул мезгилде «Түндүк агым» жана «Түрк агымы» сыяктуу долбоорлорду ишке ашырган.

«Евробиримдиктин бул жаатта ийгиликсиз болушуна энергетика саясатында бирдиктүү түшүнүктүн жоктугу, биримдиктин акыркы жылдары башынан өткөргөн терең кризиси, Дональд Трамптын доорундагы АКШнын Европа Биримдигинин ички иштерине азыраак кийлигишүүсү сыяктуу факторлор да таасир этти», - деди Кемалоглу.

Макаланын автору белгилегендей, акыркы убакта Евробиримдиктин энергияга болгон керектөөлөрү бир гана өсүп, аны суюлтулган жаратылыш газын сатып алуу менен канааттандыруу мүмкүн эмес, анткени аны жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана ресурстун баасы жогору.

«Ошондуктан Европа орус жаратылыш газынан бир күндө баш тарта албайт», - деп жыйынтыктады Анадолу баяндамачысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости