www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө жаңы заманбап имаратты ачуунун маанилүүлүгүн белгилеп, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи. Садыр Жапаров мамлекеттин коопсуздугу баарынан жогору турган, жалпыга белгилүү чындык экендигин айтты.

Президент мындай заманбап имараттардын ачылышы менен алардын ишинин эффективдүүлүгү жана ыкчамдыгы жогорулайт деп ишенет. Мамлекет башчы бул имаратта иштеген ар бир кызматкер Кыргызстандын стабилдүүлүгү жана өнүгүүсү үчүн маанилүү, жооптуу иштерди аткарууга шыктанаарына үмүт артарын билдирди.

"Улуттук коопсуздукту камсыздоо тутуму өлкө кызыкчылыктарын толук кандуу коргоо, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтарга каршы натыйжалуу сокку берүү үчүн жетиштүү күчтөргө жана каражаттарга ээ болушу керек. Бул үчүн атайын ресурстар бөлүнүп жатат. Бирок алардын көлөмү экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен аныкталат", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы андан ары имаратты, иш бөлмөлөрдү көрүп чыгып, улуттук коопсуздук кызматынын жаңы имаратынын аймагына көчөт отургузду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости