www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч күндөн бери Алексей Ширшовдун айланасында чатак. Бакиевдин учурунда ал «Дастан» заводун башкарган жана энергетикадагы схемалардын автору деп эсептелет. Өлкө президенти өзү пост жазып, Ширшовго каршы иш козголбоптур, ал издөөгө алынбаптыр, азыр болсо – Максим Бакиев катып койгон 200 млн долларды табууга көмөктөшүп жатат дейт.

Оппозиция дароо анын баарын калп деп чыкты – иш козголгон жана Ширшовго издөө салынган. Анын акы-чүкүсүнө кирбестен, башка жыйынтыктарды чыгарса болот. Эмне үчүн миллиарддаган каражат уурдап кеткендер чет өлкөдө тынч жашай албайт?

Же Максим менен ага мурда жакындар арасында араздашуу пайда болдубу? Же алар жаңы бир чоң нерсе даярдап жатабы? Андан тышкары, Убактылуу өкмөткө каршы да иш жүрүп жатат, анын айрым мүчөлөрү Бакиевдердин мүлкүн менчиктеп алган деп айтылууда. Андай болгондо, бир дагы бийлик өлкөдө коом жана мамлекет үчүн таза иштеген эмес экен да? Азыркы бийликтин былыктарын болсо биз – ал алмашкандан кийин гана билебизби?

 

Последние новости