www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министри Хакан Фидандын Израил-Палестина маселеси боюнча кепилдик варианты сунушуy трт.нет жазып чыкты.
Хакан Фидан: «Эки тарап макул болгон келишимге жетишилгенден кийин, кепил өлкөлөр анын талаптарын аткаруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы керек»,-деди.
Тышкы иштер министри маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Хамастын 7-октябрда Израилге кол салышынын өзгөчө Израил үчүн күтүүсүз болгонуна көңүл бурган Фидан Газадан Израилге өтүү жеңилдигинин баарын таң калтырганын айтты.
Министр Фидан бул абалдын Израилдин коопсуздук системасындагы алсыздыгын ачыкка чыгарган жана көп жылдар бою талкуулана турган маселе экенине көңүл буруп, «7-октябрга кандай шарттар себеп болду? Балким мунун өзүнчө талкууланышы керек»,-деди.
Израилдин Газага кол салуусу жана аймактагы жарандардын абалы тууралуу Фидан: «Израиль Газаны болуп көрбөгөндөй бомбалап, массалык түрдө жарандардын өлүмүнө себепкер болуп, электр энергиясын, сууну жана күйүүчү майларды өчүрүп, аймакты жакырчылык менен ачарчылыкка дуушар кылуусу кабыл алынгыс»,-деп айтты.
Түркиянын кризисти тынчтык үчүн бир мүмкүнчүлүккө айландырууну көздөгөнүн жана кээ бир пикирлердин жүгүртүүгө киргенин белгилеген Фидан, эл аралык коомчулуктун Израилди эки мамлекеттүү чечимге мажбурлай турган мамилеси болушу керектигин айтты.
Эки тараптын атынан кепил болуу статусуна байланыштуу суроолорго жооп берген Фидан, айрыкча Палестина тарап үчүн кепил боло турган өлкөлөрдүн аймактан болушунун сунуш кылынганын белгиледи. Хакан Фидан «Буга Түркия да кирет. Башка өлкөлөр да Израиль үчүн кепил болушу керек. Эки тарап макул болгон келишимге жетишилгенден кийин, кепил өлкөлөр анын талаптарын аткаруу жоопкерчилигин алышы зарыл»,-деп айтып ушундай жол менен гана туруктуу тынчтык пайда болоорун белгиледи.
Булак: NazarNews.kg