www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия Сирияга учкан орусиялык аскерий жана жарандык учактар үчүн аба мейкиндигин жапты. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди.
Сирияда Орусиянын аскердик контингенти, анын ичинде согуштук учактар бар.
Чавушоглунун айтымында, учууга үч айга уруксат берилип, мөөнөтү апрелде аяктады, Түркия аны узарткан эмес. Бул кадамдын себептерин айткан жок. Ал Босфор кысыгы аркылуу да аскердик кемелердин өтүүсүнө тыюу салынганын кошумчалады. Түркия бул кадамга Украинадагы согушка байланыштуу барган.
Орусиядан Сирияга эң кыска жол Түркиянын аба мейкиндиги аркылуу өтөт. Анын жабылышы Иран менен Ирактын үстүндөгү аба мейкиндигин колдонууга туура келет дегенди билдирет.
Чавушоглу Түркия Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалда ортомчулук аракеттерин улантып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жумушчу кичи топтордо сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Ошондой эле Украина менен Орусиянын президенттеринин Түркияда жолугушууга алдын ала макулдугу бардыгын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg