www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Орусиядан 2019-жылы сатып алган С-400 абадан коргонуу системаларын үчүнчү өлкөгө кайра сатууга уруксат алууга аракет кылууда. Бул тууралуу Bloomberg өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Анкара бул кадам аркылуу АКШнын санкцияларынан арылып, F-35 истребителдерин алуу программасына кайра кошулууну көздөөдө. Бул маселе июлдагы НАТО саммитинин алдында Москвага сунушталган.

Буга чейин түрк басылмасы Hürriyet Түркия С-400 системаларын Перс булуңундагы өлкөлөрдүн бирине сатып жибергенин жазган. Бирок Bloomberg мындай маалыматты тастыктаган жок. Басылманын маалыматына караганда, Түркия азырынча комплекстерди саткан эмес жана Орусиянын макулдугун күтүп жатат.

Ал эми Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бул маселени «өтө сезимтал тема» деп атап, Москва менен Анкаранын ортосунда сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди.

Последние новости